Ссылки доступа

Укук коргоочулар: "Группа 24түн" лидери уурдалып, Тажикстанга жеткирилген болушу мүмкүн


Сухроб Зафар
Сухроб Зафар

Үч эл аралык уюм Тажикстандын бийлигин "Группа 24" кыймылынын дайынсыз жоголгон лидери Сухроб Зафардын кармалганын ырастап, аны тез арада бошотууга чакырды.

Human Rights Watch, Норвегия-Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) жана Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (International Partnership for Human Rights) уюмдарынын биргелешкен билдирүүсү 3-майда жарыяланды.

Укук коргоочулар белгилегендей, алардагы маалымат боюнча Сухроб Зафар болжолдуу түрдө Тажикстандагы тергөө абагында камакта отурат жана ал жакта кыйноого алынып, медициналык жардам алуу мүмкүндүгүнөн ажыратылган.

"Сухроб Зафар кыйноолордон улам баса албай калганы тууралуу үрөйдү учурган билдирүүлөр келип жатат. Ошондуктин тез арада жасалган аракеттер өмүр менен өлүм маселеси болушу мүмкүн", – деди Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Анын айтымында, тажик бийлиги Сухроб Зафардын кайсыл жерде экени тууралуу маалыматтарды текшерип, анын кыйноого алынганы боюнча тез арада иликтөө жүргүзүшү керек.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүнө ылайык, Сухроб Зафарда БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын "башкалка издеген адам" деген расмий макамы бар болчу.

"Өз кезегинде Түркия Сухроб Зафардын ыктымал Тажикстанга өткөрүп берилишине алып келген өз аймагындагы бул мыйзамсыз аракеттерди дыкат иликтеп чыгышы керек. Түркия Европа Кеңешинин мүчөсү жана Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын катышуучусу. Андыктан Сухроб Зафардын жоголушуна жана соттун чечимисиз ыктымал Тажикстанга өткөрүлүп берилишине мамлекеттик органдардын катышканы же бул аракеттерге үнсүз макул болгону – конвенцияны олутуу бузуу болуп эсептелет", – деди Норвегия-Хельсинки комитетинин өкүлү Мариус Фоссум.

Ал кошумчалагандай, адилеттүү соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин Сухроб Зафар эркиндикте болуп, мажбурлап Тажикстанга жөнөтүлүп, укугу бузулганы үчүн ага кенемте төлөнүп берилиши керек.

Тажикстандын бийлиги азырынча бул билдирүү боюнча эч кандай комментарий бере элек.

2014-жылдан бери Түркияда жашап жүргөн Сухроб Зафар быйыл марттын башында Стамбулда дайынсыз жоголгон. Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын маалыматына караганда, Сухроб акыркы жылдары тынымсыз коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп келген. 2018-жылдан бери ал Түркияда тажик бийлигинин өтүнүчү менен бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган. "Ага жакында өлтүрүлөсүң же уурдалып, Тажикстанга жөнөтүлөсүң" деген сыяктуу билдирүүлөр тынбай келип турган", – деп жазылган "Группа 24түн" билдирүүсүндө.

Кыймылдын өкүлдөрү Сухроб Зафардын кайсыл жерде экени боюнча так маалымат жок экенин билдирүүдө. Алар лидерин уурдап, Тажикстанга мыйзамсыз алып кеткен болуулары мүмкүн деп эсептеп жатышат.

Быйыл февралда Стамбулда "Группа 24түн" 39 жаштагы активисти Насимжон Шарифов да дайынсыз жоголгон. Анын кайда экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз болууда.

Акыркы жылдары Түркия тажик өкмөтүн сындагандардын көбү үчүн коопсуз баш калкалоочу жайга айланган. Бирок укук коргоочулар жана активисттер бул өлкө да соңку учурда алар үчүн кооптуу болуп калганын айтып жатышат. Алар ошондой эле тажик бийлиги чет өлкөлөрдөгү жана өлкөнүн ичиндеги оппоненттерине каршы колдонуп жаткан репрессиянын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип келишет.

2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн оппозициялык ишкер Умарали Кувват негиздеген "Группа 24" кыймылы 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен "экстремисттик уюм" деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Андан бери ондогон адам бул кыймылга мүчө болгону үчүн кармалып, узак жылдарга соттолду.

XS
SM
MD
LG