Ссылки доступа

Укук коргоочулар Душанбени активист Манучехр Холикназаровду бошотууга чакырышты


Манучехр Холикназаров балдары менен
Манучехр Холикназаров балдары менен

Бир катар укук коргоо уюмдары соттолгон адвокат жана жарандык активист Манучех Холикназаровдун ден соолугуна тынчсызданып, тажик бийлигин аны тез арада жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырышты.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы Тажикстандын жарандык коалициясы, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) жана Кыйноого каршы дүйнөлүк уюмдун (OMCT) биргелешкен билдирүүсү 28-майда, Холикназаровдун кармалганына эки жыл толгондо жарыяланды.

"Манучехр укуктары бузулган адамдарды коргоодогу талыкпас аракети үчүн гана кармалып, түрмөгө камалган. Ал боштондукка чыгып, үй-бүлөсүнө кайтып келмейинче биз бул адилетсиз өкүм менен күрөшүүнү токтотпойбуз", - деди IPHR директору Брижит Дафур.

Памир юристтеринин ассоциациясынын башчысы Манучехр Холикназаров 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагындагы элдик нааразылык акцияларынан жана андан кийинки коопсуздук операциясынан кийин камакка алынган. Ал "кылмыш чөйрөсү жана тыюу салынган уюмдар менен кызматташкан" деген айып менен 16 жылга эркинен ажыратылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылдын жазында жүргүзүлгөн операцияда “кылмыштуу топтун” 29 өкүлү жок кылынганын билдирген. “Озоди” радиосу Тоолуу Бадахшандын 34 тургуну өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Бадахшандык ондогон активисттер Тажикстанда жана Орусияда кармалып, жабык өткөн соттук отурумдарды узак жылдарга абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG