Украин президентинин аппарат башчысынын кеңешчиси Сергей Лещенко Князев 2,7 миллион доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын ырастады.
Украинанын Жогорку Соту Князевдин камалышына байланыштуу кыска билдирүү таратып, 16-майда Жогорку Соттун Пленумунун кезексиз жыйыны болорун белгиледи.
Всеволод Князев 2021-жылдын 1-декабрынан бери Жогорку соттун төрагасы болуп иштеп жаткан.
Март айында Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту Днепр шаарынын Киров райондук сотунун мурдагы судьясына өкүм чыгарган. Ал опузалоо жана 30 миң доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Андан мурдараак, 28-февралда аймактык коргонуу кызматкери миллион доллар пара менен кармалганы кабарланган.