Ссылки доступа

Палестин автономиясынын премьер-министри кызматтан кетти


Мухаммед Штайе
Мухаммед Штайе

Палестин автономиясынын премьер-министри Мухаммед Штайе отставкасын кабыл алуу өтүнүчү менен Палестина улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббаска кайрылды.

Штайе кызматтан кетүү чечимине "Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жана Иерусалимдеги абалдын курчушу, ошондой эле Газа тилкесиндеги геноцид менен ачарчылык" себеп болгонун билдирди. Ал Газадагы жаңы реалдуулук "палестиналыктардын ортосунда" жаңы макулдашууларды жана жаңы консенсусту талап кыларын кошумчалады. Бул тууралуу "Аль-Жазира" агенттиги жазды.

Аббас Штайенин арызын кабыл алды. Премьер-министр менен чогуу анын өкмөтү да отставкага кетиши керек. Жаңы өкмөттүн курамы бекигенге чейин Штайе өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара берет.

Премьер-министрдин бул чечимине Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги саясатчылардын Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча бир пикирге келе албай калганы себеп болгон болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Дүйнөлүк басылмалар Палестин автономиясынын премьер-министри АКШ менен эл аралык коомчулуктун Палестина улуттук администрациясына карата басымы уланып жаткан чакта кызматтан кеткенин белгилеп жатышат. Батыш өлкөлөрү Махмуд Аббас жетектеген ФАТХ кыймылы менен Палестин автономиясы Израилдин ХАМАС радикал тобуна каршы операциясы аяктагандан кийин Газа тилкесиндеги абалды жөнгө салуу милдетин өздөрүнө алат деп күтүүдө. Ошол эле маалда Газа тилкесинде да, Иордан дарыясынын Батыш жээгинде да ФАТХ менен Аббастын администрациясын колдогондор көп эмес.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына кол салып, 1 200дөй адамды өлтүргөн, дагы 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Алардын бир бөлүгү алигиче бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Андан бери Газа тилкесинде 29 миңден ашуун адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG