Документте Федералдык чалгындоо агенттиги натыйжасыз иштегени жана өлкөдөгү "демократиялык институттарды дискредитация кылганы" белгиленген.
"Чалгындоо органы көптөгөн соттук процесстер менен чыр-чатактарга кириптер болуп, өлкө ичиндеги мыйзамсыз операцияларга айыпталган", – деп жазды La Nation гезити.
Милейдин администрациясы билдиргендей, Федералдык чалгындоо агенттигинде жүргүзүлгөн аудит мекеме элди коргоо менен эмес, оппозицияны аңдуу жана таасир талаш менен алектенип жүргөнүн аныктаган.
Милей кол койгон жарлыкта өлкөнүн чалгындоо тармагынын акыркы 30 жылдагы кемчиликтери белгиленген. Алардын арасында 1994-жылы болгон Буэнос-Айрестеги жөөттөрдүн маданий борборундагы жардыруу (85 киши өлгөн), 2015-жылы башкы прокурор Альберто Нисмандын өлтүрүлүшү жана 2022-жылдагы экс-президент Кристин Киршнерге болгон кол салуу учурлары бар.
Өлкөнүн чалгын кызматы 2015-жылы да реформаланган. Анда Чалгындоо катчылыгы жоюлуп, анын ордуна Федералдык чалгындоо агенттиги түзүлгөн.