Ссылки доступа

Токаев Январь окуяларына байланыштуу кармалгандарга мунапыс берүү мыйзамына кол койду


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларына байланыштуу кармалган 1,5 миң кишиге мунапыс берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, мунапыска 4-7 январь күндөрдөгү "тартип бузууларга тиешеси бар" деген кине менен камалган бир жарым миңдей киши илинет. Мындан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болду.

Ошол эле маалда "Террорчулук жана экстремизм", "Коррупция", "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Кыйноо жана жапырт башаламандык уюштууруу" беренелери менен камалгандар мунапыска илинбейт.

Январь окуялары боюнча жалпы 1112 киши соттолуп, алардын 128 эркинен ажыратылган. Казак бийлигинин маалыматына караганда, амнистияга күч органдарынын кызматкерлери да илинет.

Укук коргоочулар мунапысты "бийлик укук коргоо жана күч кызматкерлеринин кызматкерлерин жоопкерчиликтен бошотуу үчүн колдонот" деген тынчсызданууларын билдиришкен. Тополоң учурунда алар жайкын тургундарга каршы ок атып, кармалгандарды кыйноого алышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228 жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча 10 миңдей адам кармалган.

XS
SM
MD
LG