Ссылки доступа

Польша Украинага согуштук учактарды берет


Польша жакынкы арада Украинага советтик өндүрүштөгү төрт Миг-29 согуштук учагын берет жана курал-жарактын мындай түрүн жөнөтүүнү дагы улантат. Бул тууралуу өлкө президенти Анджей Дуда 16-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

Украин бийлиги согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрүнөн согуштук авиация сурап келген. Бул Украинага мындай техника берилери тууралуу расмий ырасталган алгачкы билдирүү болуп калды.

Польшанын басма сөз агенттиги кабарлагандай, Дуда Украинага учактарды берүү жөнүндө Чехиянын президенти Петр Павел менен жолуккандан кийин билдирди. Кеп Варшава Чехия менен 1995-жылы польшалык өндүрүштөгү тик учактарга алмашкан истребителдер жөнүндө болуп жатышы мүмкүн.

Ачык маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Польшанын МиГ-29 үлгүсүндөгү 28 учагы бар. Дуда алардын 16сы ишке жарактуу экенин, дагы бир нечеси оңдолуп же тетик катары берилиши ыктымал экенин айтты.

World Air Forces маалымдамасына ылайык, согуш башталганга чейин Украинанын 51 даана МиГ-29 учагы болгон.

15-мартта Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий учактар Украинага 4-6 жуманын ичинде берилиши мүмкүн экенин айткан. Ал ортодо Словакия да Украинага МиГ-29 учактарын берүүгө даяр экенин билдирди. Буга чейин бул өлкөлөр Батыштагы өнөктөштөрү менен макулдашууну күтүп, аскердик учактарды берүүдөн карманып келишкен.

XS
SM
MD
LG