Дээрлик 14 миңдей явандык үй-жайынан ажырап, жабырлануучулар менен качкындар лагерине жайгаштырылды.
Батыш Ява провинциясынын губернатору Ридван Камил журналисттерге өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн экенин айтты. Учурда куткаруучулар урандылардын алдынан кишилерди издеп жатат.
Куткаруу кызматтарынын баамында, жер титирөөдөн 2300дөн ашуун үй, төрт мектеп кыйрады. Мындан тышкары мечиттин жана оорукананын имараты катуу зыянга учурады.
Индонезия планетадагы сейсмикалык жактан эң активдүү болгон тынч океан аймагындагы "оттуу шакекчеде" жайгашкан. 2004-жылы Индонезиянын курамына кирген Суматра аралында күчү 9,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон; ал цунамиге алы келип, 14 өлкөдө 226 миң кишинин өмүрүн кыйган. Алардын жарымы – индонезиялыктар болгон.