Акыркы жылдары беде өстүрүп келген Согд облусунун Мирзобек Одинаев аттуу тургуну облустук айыл чарба башкармалыгынын буйругунан кийин бедесин чаап, ордуна пахта эгүүгө аргасыз болгонун билдирди.
"Беденин ордуна пахта эгүү үчүн 2 миң сомониге жакын каражат талап кылынат. Жер катып калгандыктан, кайрадан трактор чакырууга туура келет. Мындан тышкары отоо иштери үчүн жумушчуларга берүүгө дагы 2 сомони керек болот. Бул чыгымдарды эч ким төлөп бербейт", – деди ал.
Махмуд Курбонов аттуу тургун бийлик пахта эгүү талабын өтө кеч коюп жатканын белгиледи. "Эгер бул жөнүндө январда же февралда айтылса, биз дароо эле пахта экмекпиз да. Эми талаадагы бедени чаап, ордуна пахта эккиле деп жатышат. Беде себүүгө мен 6 миң сомониге жакын каражат коротком", – деди ал.
Аймактагы дыйкандар бийликтин бул талабына тынчсызданып жатышканын, анткени буга чейинки жылдары пахтанын түшүмү жана андан түшкөн киреше кыйла аз болгонун билдирүүдө.
Жергиликтүү айыл чарба башкармалыгынан бул боюнча камерага комментарий берүүдөн баш тартышты. Мекеме башчысынын орун басары Нарзулло Боймирзоев телефон аркылуу берген маегинде бул мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү экенин айтты:
"Пахтачылык – бул мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү. Бизде план жана тиешелүү перспективалар бар. Биз 12 миң гектар жерге пахта эгишибиз керек. Дыйкандар болсо өздөрүн гана ойлоп, беде өстүрүп жатышат. Бул жерде салык да, пенсиялык төлөмдөр да бар".
Мунун алдында президент Эмомали Рахмон өлкөнүн түндүгүндө пахта талааларынын аянты кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдирген. Анын айтымында, былтыр Согд облусунда 2022-жылга салыштырмалуу 9 миң гектарга аз аянтка пахта эгилген.