Ссылки доступа

Тажикстанда IMEI-коддорду каттоо колдонуучулардын эсебинен жүргүзүлүүдө (видео)


Владельцев смартфонов в Таджикистане заставляют платить за IMEI-регистрацию гаджета: как это происходит
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Тажикстанда смартфондордун ээлери IMEI- коддорду каттоо мажбурлап  жүргүзүлүп жатканына даттанышууда.

IMEI-код – телефондун уникалдуу идентификациялык коду, аны өндүрүүчү ыйгарат жана телефон тармакка туташкан учурда байланыш операторуна берилет. Тажикстанда IMEI-коддорун милдеттүү түрдө каттоо мыйзамы киргизилген. Бийлик бул контрабанданын алдын алуу үчүн жазалганын билдирген.

Аны каттоо колдонуучулардын эсебинен жүргүзүлөт, бул үчүн 4,5 доллар алынат. Эгер бул эреже аткарылбаса, телефон өчүрүлөт. IMEI-кодду каттоодон түшкөн каражат кайда жумшалары белгисиз.

Учурда Тажикстанда телефон аппараттары үчүн 15 пайыз кошумча нарк салыгы, дагы 10 пайыз бажы төлөмү төлөнүшү керек.

Былтыр Тажикстандын Бажы кызматы смартфондорду мыйзамсыз алып кирүү боюнча 223 фактыны аныктаган.

XS
SM
MD
LG