Ссылки доступа

"Проект": Путин Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген


Алина Кабаева
Алина Кабаева

Орусия президенти Владимир Путин Олимпиада чемпиону Алина Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген. "Проект" басылмасынын иликтөөсүндө айтылгандай, каражат Путиндин  Кипрдеги Ermira офшорунан төлөнгөн.

Кеп Сочидеги "Королевский парк" турак жай комплексинде курулган 2600 чарчы метр аянттагы пентхаус жөнүндө болуп жатат. Анда бассейн, кинотеатр, патио, атүгүл тик учак коно турган аянтча да бар. Пентхаустун дизайны Валентин Юдашкинге таандык. 2021-жылы пентхаус "Орусиядагы эң чоң батир" деп таанылган.

"Проект" аныктагандай, 2011-жылы пентхаусту Олег Руднов өзүнө каттаткан. Кыймылсыз мүлктүн акчасы президенттик “капчыктан” – Кипрдеги Ermira офшорунан келип түшкөн. Руднов пентхаусту курулушчу белгилеген баадан беш эсеге арзан, 90 миллион рублга сатып алган.

Басылманын өз булагы Рудинов бул пентхаусту Кабаева үчүн сатып алганын ырастайт. Бул арада пентхаустун жанындагы эки батир Кабаеванын чоң энеси Анна Зацепилинга катталган.

"Проект" долбоорунун кабарчысы сатып алуучу катары бул үйдөн батирлерди саткан эки риелтор менен жолуккан. Алар пентхаус Кабаеванын жеке менчигинде экенин угушканын айтышкан.

Иликтөөчүлөрдүн эсеби боюнча Алина Кабаеванын бардык кыймылсыз мүлктөрүнүн наркы 120 миллион долларга жакындады.

XS
SM
MD
LG