Ссылки доступа

Тажикстанда банкирдин өлүмү боюнча өмүр бою соттолгон адамдын апасы үчүн 14 жылдык жаза суралды


Дилшод Саидмуродов (оңдо) менен апасы Сожида Саидмуродова
Дилшод Саидмуродов (оңдо) менен апасы Сожида Саидмуродова

Тажикстанда прокурор соттон "Ориёнбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевди өлтүрүү айыбы менен өмүр бою соттолгон Дилшод Саидмуродовдун апасы үчүн 14 жылга эркинен ажыратуу жазасын чегерүүнү өтүндү.

"Прокурор сотко мындай өтүнүч менен 6-июндагы отурумда кайрылды. Сожида Саидмуродова менен адвокаты акыркы сөзүн сүйлөшү керек. Андан кийин сот өкүм чыгарат", – деди айыпталуучунун аты-жөнүн билдиргиси келбеген жакындарынын бири.

18-июнда "Озоди" радиосунун журналисттери бул боюнча комментарий алуу үчүн Тажикстандын Жогорку сотуна кайрылышкан. Бирок мекемеден иш боюнча "соттук териштирүүлөр" дале уланып жатканын билдирип, башка маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Сожида Саидмуродова "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" шеги менен былтыр сентябрда кармалган. Көп өтпөй ага каршы "Өзүмбилемдик менен жер тилкесин басып алуу жана курулуш иштерин жүргүзүү", "Документтерди жасалмалоо", "Тергөө иштерине тоскоолдук кылуу" беренелери боюнча да кылмыш иштери ачылганы белгилүү болгон.

Расмий органдар Саидмуродованын иши боюнча комментарий бербей келишет. Анын жакындары да иш боюнча аларда эч кандай маалымат жок экенин айтышкан. Быйыл февралда алар тергөө иштеринин созулуп кеткенине нааразылык билдиришкен.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, 65 жаштагы Сожида Саидмуродова пенсионер, эч жерде иштебейт.

Быйыл мартта Тажикстандын Жогорку соту "Ориёнбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө айыпталган 14 кишинин бешөөнү өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыраткан. Алардын арасында Дилшод Саидмуродов да болгон. Бул иш боюнча айыпталган дагы тогуз киши 1 жылдан 8 жылга чейинки түрдүү мөөнөттөргө соттолгон.

49 жаштагы Шухрат Исматуллоевди былтыр 23-июнда уурдап кетишкен. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү машинага күчтөп салып кетип, ур-токмокко алып, кыйнап өлтүргөнүн, кылмыштын изин жашыруу максатында сөөгүн Душанбе – Чанак автожолунун 130-чакырымындагы Заравшан суусуна таштап жиберишкенин маалымдаган.

Маркумдун сөөгү 15-августта Пенжикент шаарынын чет жакасындагы Саразм кыштагынан табылып, 30-августта жерге берилген.

XS
SM
MD
LG