30 жаштагы Эмомали Холов бир нече жылдан бери Орусияда жашайт, ал “Тожикон” борборунда ыктыярчы болуп иштеген.
“Адвокаттын билдиришинче, ал күйөөм менен жолугушуу үчүн төрт саат күтүп отурган. Абактын жетекчилиги Эмомалини эбак бошотушканын айткан экен. Менин күйөөм адвокаттын чалууларына жооп бербей жатат. Эмомали мага да чалган жок, кай жерде экенин эч ким билбейт”, – деди анын жубайы Дилором Боймухаммедова.
Адвокат Эмомали Холов Тажикстанга депортацияланган болушу мүмкүн экенин билдирген.
Эмомали Холова 26-майда Курс облусуна караштуу Горшеченский районунун вокзалында кармалган. Тажик бийлиги анын кармалышы боюнча комментарий берген эмес. Бирок Орусияга жолдогон өтүнүчүндө 2021-жылдын март айында ага издөө жарыяланганы жазылган. Жакындарынын айтымында, Холов экстремизмге шектелүүдө.
2021-жылы жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган Москвадагы “Тожикон” укук коргоо борборунун жетекчиси Иззат Амон ири көлөмдөгү алдамчылык айыбы менен 15 жылга соттолгон. Укук коргоочу соцтармактарда тажик бийлигин сындап келген.