Ссылки доступа

Монголияда өкмөттүн отставкасын талап кылган акциялар өтүп жатат


Монголияда өкмөттүн отставкасын талап кылган акциялар өтүп жатат. Демонстранттар Улан-Батордогу өкмөттүн сарайына кирүүгө аракет кылышты. Алар коррупцияны иликтеп, өкмөттү кетирүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу Монголиянын башкаруучу партиясынын “Монголын үнен” басылмасы жазды.

Нааразылык акциялары 4-декабрда башталган. Буга 12,9 миллиард долларга көмүр уурдоо фактысы аныкталганы негиз болду. Көмүр Кытайга жеткирилмек.

Демонстранттар жаратылыш байлыктарын жана бюджеттик акчаны уурдоо фактыларын териштирүү, ага катышкандардын аты-жөнүн коомчулукка жарыялоо жана өкмөттү отставкага кетирүү талаптары менен борбордук аянтка чыгышты.

Митингдин катышуучулары өлкөнүн желегин, “Элди тоноону токтоткула!”, “Менин келечегимди ойлоп, жегенди токтоткула!” деп жазылган плакаттарды кармап алган. "Аягына чейин турабыз" деген жүздөгөн демонстранттар акцияны мындан ары да улантууну чечишти.

Монголиянын үчүнчү чоң шаары Дарханда да көмүр уурдагандардын аты-жөнүн жарыялоону жана алардын мүлкүн конфискациялоону талап кылышты. Алар "Ууруларга каршы бириккиле!" деген ураан менен жүрүш жасашты. Митинчилер жарандардын "Конституцияда жазылган укуктары менен эркиндиктери барган сайын чектелип, жашоо күндөн-күнгө начарлап баратат" деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG