Ссылки доступа

Терактта жабыркагандар "Крокус Сити Холлдун" ээлерине кылмыш ишин козгоону талап кылууда


"Крокус Сити Холлдогу" терактта жабыркагандардын жакындары Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып, концерттик залдын ээлерине каршы кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттигине адвокат Игорь Трунов билдирди.

Адвокаттын айтымында, ал тиешелүү талапты коюп жаткан 11 адамдын кызыкчылыктарын коргойт. Алардын арасында "Пикник" тобунун аталган жайдагы концертин тартышы керек болгон команданын башчысы, ошондой эле терактта каза болгондордун жакындары бар.

Тергөө комитетине жолдонгон арызда концерттик залдын ээлери имараттагы өрт коопсуздук эрежелерине жетиштүү деңгээлде көңүл бурган эмес болушу мүмкүн экени жазылган. Күбөлөр адатта сахналардагы көшөгөлөр өрткө туруштук бере турган материалдан жасаларын, бирок "Крокустагы" көшөгө бир нече секунддун ичинде эле күйүп кеткенин билдиришкен.

"РИА Новости" агенттиги кабарлагандай, арызда ошондой эле имараттагы өрткө каршы жабдуулар жана түтүндү соруп алуу системасы иштебегени жазылган.

Трунов күбөлөрдүн айткандарына таянып, теракт болгон учурда имараттагы көптөгөн эвакуациялык эшиктер жабык болгонун кошумчалады.

"Крокус Сити Холл" борборуна Crocus Group компаниясы ээлик кылат. Ал ишкер Араз Агаларовго таандык.

Журналисттерге теракттын кесепеттери боюнча комментарий берген Агаларов имараттагы өрткө каршы жабдуулардын баары шаттык режимде иштегенин, концерттик залдын коопсуздук кызматы куралдуу адамдарды токтото албаганын айткан. Ал "Крокус Сити Холлду" калыбына келтирүүнү каалай турганын, бирок азырынча бул боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин кошумчалаган.

22-мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт адам туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, терактта 551 киши жараат алып, 144 адам каза болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган.

Орусиянын тергөө органдары теракт иши боюнча 10 киши кармалганын, анын төртөө кол салууну түздөн-түз ишке ашырганын, көбү Тажикстандын жарандары экенин билдирген. Колго түшүрүү жана суракка алуу маалында алардын кыйноолорго кабылганы маалым.

XS
SM
MD
LG