Ссылки доступа

Пулитцер сыйлыгы украиналык журналисттердин кайраттуулугун белгиледи


Украиналык журналисттер Пулитцер сыйлыгынын "Өзгөчө эскертүү" номинациясына ээ болушту.

Сыйлыктын уюштуруу комитети украиналык журналисттерге кесибине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди:

"Пулитцер комиссиясы Орусиянын пропагандалык согушу жана Владимир Путин Украинага кол салган учурдагы кайраттуулугу, туруктуулугу жана чындыкты чагылдырууга болгон умтулуусу үчүн украин журналисттерине "Өзгөчө эскертүү" номинациясын ыйгарат. Алар ок атууларга, уурдоолорго, оккупацияга жана кесиптештеринин каза болуп жатканына карабастан, Украинага жана бүтүндөй дүйнөдөгү журналисттерге сый-урмат көрсөтүп, окуялардын чыныгы картинасын берүүнү улантып жатышат".

АКШда журналисттер арасында жогору деп саналган Пулитцер сыйлыгынын лауреаттары 9-майда аталды. "Коомго кызмат кылганы үчүн" деген башкы номинация боюнча америкалык The Washington Post гезити жеңүүчү деп табылды. Бул сыйлык басылмага 2021-жылы январда ошол кездеги президент Дональд Трамптын тарапташтарынын Капитолий имаратына бастырып кирүүсүнүн хронологиясын кеңири чагылдыргандыгы үчүн берилди.

The New York Times гезитине сыйлык эл аралык жана улуттук репортаждары үчүн ыйгарылды. Биринчи макаласында басылманын журналисттери америкалык аткылоолордон улам Жакынкы Чыгышта каза болгон жайкын тургундар жөнүндө жазышса, экинчисинде колго түшүрүү маалында полиция атып өлтүргөн америкалык айдоочулар жөнүндө баяндашкан.

Мындан тышкары түрдүү номинациялар боюнча сыйлыктар The Miami Herald, The Tampa Bay Times, Getty Images жана The Los Angeles Times сыяктуу бир катар басылмалардын журналисттерине да ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG