Ссылки доступа

Путин Европага газ жеткирүү кыскарарын жарыялады


Архивное фото

“Түндүк агым” кууру аркылуу Европага газ жеткирүү июлда кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Ал муну “Түндүк агым-2” газ кууру менен компенсациялоону сунуштады. Долбоор Орусия Украинага кол салганына байланыштуу токтоп калган.

Путиндин айтымында, келерки аптада "Газпром" газ турбиналарын ремонтко жөнөтөт, мындан соң “Түндүк агымдын” кубаттуулугу суткасына 30 миллион кубометрге чейин төмөндөйт. Орусия президенти эгер Германия санкциялардан улам Канадада кармалып турган турбиналарды кайтарып берсе, газ жетирүүнү чоң көлөмдө сактап калса болорун айтты.

Согуш башталгандан кийин “Газпром” газ жеткирүүнү алгач 167 миллиондон 100 миллион кубометрге чейин, кийинчерээк 67 миллион кубометрге чейин төмөндөткөн. Андан соң ал ремонтко токтотулган, газ жеткирүү 21-июлда жанданышы керек болчу.

Путин газ жеткирүүнү “Түндүк агым-2” кууру аркылуу компенсациялоону сунуштады. Долбоор Кремль Украинага кол салгандан кийин токтоп калган. Куурду немис бийлиги сертификациялаган эмес.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG