Жарлыкка ылайык, аннексияланган аймактарда жашаган украин жарандары Орусиянын жарандыгын алып же андан расмий түрдө баш тартышы керек. Экинчи вариантты тандап алгандар 2024-жылдын 1-июлунан тарта чет өлкөлүктөр катары эсептеле баштайт.
Мындан тышкары Орусия ээлеп алган аймактардын "улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан, конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууну колдогон, террористтик жана экстремисттик уюмдарды каржылап, уруксат берилбеген акцияларга катышкан" тургундары да депортацияланышы мүмкүн.
Орусия былтыр февралда Украинага басып киргенден бери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын аннексиялап, өзүнүн аймагы деп жарыялаган. Бүгүнкү күндө бул облустардын кыйла бөлүгүн украин аскерлери көзөмөлдөп турат. Украина Херсон облусун орус бийлиги аны аннексиялагандан кийин бошоткон.