Ссылки доступа

Си Цзиньпин Путиндин чакыруусу менен Москвага барды


Бүгүн, 20-мартта Москвага Кытайдын лидери Си Цзиньпин барды. Бул анын Украинада согуш башталгандан берки Орусияга жасаган алгачкы сапары болуп калды.

Бул сапардын алдында Кытайдын "Жэньминь жибао" аттуу ири гезитине орус президенти Владимир Путиндин "Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк" деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндеги версиясы Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан "көп нерсе күтүп жатканын" белгилеген. "Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган сыяктуу", – деп жазган Путин.

Кытай лидеринин 22-мартка чейин созула турган Москвага сапары жөнүндө 17-мартта кабарланган. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушууда өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланып, ага Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын башчысы Дмитрий Шугаев катышарын билдирген. "Албетте, Украинадагы окуялар да талкууланат", – деп кошумчалаган ал.

Мурдараак айрым батыш басылмалары Кытай Орусияга курал-жарак, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды, артиллерия жана ок-дарыларды берүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын кабарлашкан. Февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияга курал берүүнүн кесепеттери жөнүндө Бээжинге эскертүү берген. Анда кытай тарап аларда мындай план жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG