Ссылки доступа

Путин: "Биздин маңдайыбызга кайра кайтаруу жана бекемдөө жазылган экен"


Орусия президенти Владимир Путин бейшембиде жаш ишкерлер менен жолугуп, орусиялык император Петр I 1700-1721-жылдары Түндүк согуш учурунда Швейиянын аймагын тартып албагынын, “кайтарып алганын” жана “бекемдегенин” билдирди.

Орусия президенти “биздин маңдайыбызга кайра кайтаруу жана бекемдөө жазылган экен” деди.

Путиндин айтымында, Петр I басып алган жерлерде байыртадан эле фин-угор элдери менен катар славяндар да жашаган. Бул жерлер дайыма орус мамлекетинин көзөмөлүндө болгон. Президент 1703-жылы биринчи орус императору тарабынан негизделген Санкт-Петерург шаары жөнүндө да кеп кылды. Ал Европа башында муну Орусиянын аймагы катары тааныбаганын айтты.

Украинанын Орусия басып алган Херсон жана Запорожье облустарынын администрация өкүлдөрү ал жакка орус президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко 7-июнда барып кеткенден кийин Орусияга кошулууга даярдык көрүү тууралуу айтып чыгышкан.

Бул күндөрү Орусия Петр Iдин 350 жылдыгын белгилөөдө. Орус тарыхында бул падыша катаал ыкмалар менен мамлекеттин күчүн бекемдегени айтылат. Анын бийлиги тушунда бир катар прибалтикалык аймактар Швециядан Орусияга өткөн. Алардын айрымдары, анын ичинде азыркы Эстония жана Латвиянын бир бөлүгү эч качан Орусиянын курамына кирген эмес. Путин “кайра кайтаруу” дегенде кайсы аймак жөнүндө сөз кылып жатканын айткан жок.

XS
SM
MD
LG