Ссылки доступа

Путин: "Крым көпүрөсүн жардыргандарга жооп кайтарабыз"


Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү кечинде Крым көпүрөсүнө жанаша жайгашкан аймактардын башчылары жана транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну теракт деп атап, Орусия буга жооп кайтарарын билдирди. Ал Коргоо министрлиги бул боюнча сунуш даярдап жатканын кошумчалады.

"Аскердик жактан алганда Крым көпүрөсүн жардыруунун эч кандай мааниси болгон жок. Анткени көпүрөнү аскердик багыттагы жүктөрдү ташуу үчүн колдонбой калганбыз", – деди Путин.

Орус өкмөтүнүн төрагасынын Крым жарым аралы боюнча орун басары Марат Хуснуллин көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн ортосундагы трассанын бир бөлүгү толугу менен талкаланып, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калганын билдирди. Ал тирөөчтөр дээрлик зыянга учурабаганын, алардын бирөө шейшембиге чейин кайра бекемделип, көпүрө аркылуу жеңил автоунааларды реверсивдик режимде өткөрүп турууга мүмкүндүк жараларын кошумчалады.

Анын айтымында, бул аймакта узундугу 250 метрди түзгөн убактылуу көпүрө куруу пландалууда. "Ага чейин автоунаа ээлерине "жаңы аймактар" аркылуу альтернативдик каттамдар сунушталат", – деди Хуснуллин. Ал жаңы аймактар деп орус аскерлеринин көзөмөлүндө турган Украинанын аймактарын атады.

Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов Краснодар крайы менен Крымдын ортосунда паром каттамы иштеп жатканын, ал аркылуу күнүнө 450 автоунаа алып өтүүгө болорун билдирди. Ал паромдо Коргоо министрлигинин жүктөрүнө артыкчылык берилерин, андагы жүк унааларынын кезеги эки суткага чейин жетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев көпүрөгө жакын жерде 4 миңге жакын автоунаа бата турган унаа токтотуу жайы уюшулганын, анда тамактануучу жайлар жана биоажатканалар бар экенин билдирди.

Краснодар крайын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен байланыштырып турган Крым көпүрөсү 17-июлга караган түнү эки дрон менен жасалган чабуулдун жыйынтыгында зыянга учураган. Украин басылмалары коопсуздук кызматындагы булактарына таянып, Крым көпүрөсүндөгү түнкү чабуул - Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясы экенин жазышкан.

XS
SM
MD
LG