Ссылки доступа

Путин Запорожье АЭСин Орусиянын менчигине өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттү Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) объектилерди федералдык менчикке алууга милдеттендирген жарлыкка кол койду.

Алты энергоблогу бар бул атомдук электр станция Европадагы ири АЭС болуп эсептелет. Ал Украинанын Орусия оккупациялап алган аймагында жайгашкан.

Путин 5-октябрда Украинанын төрт аймагын, анын ичинде Запорожье облусун да аннексиялоо тууралуу конституциялык мыйзамдарга кол койгон. Украина баштаган көптөгөн өлкөлөр бул чечим юридикалык жактан эч кандай күчкө ээ эмес экенин билдирип, буга чейинкидей эле аннексияланган облустарды Украинанын аймагы деп эсептей тургандыктарын белгилешкен.

Путиндин жарлыгына ылайык, "Запорожье АЭСи" деп аталган мамлекеттик ишкана түзүлүп, ага станциянын бардык мүлкү өткөрүлүшү керек. Аны иштетүү менен "Запорожье АЭСин эксплуатациялоочу уюм" аттуу акционердик коом алектенет.

Орусия АЭС жайгашкан Энергодар шаарын быйыл март айында өз көзөмөлүнө алган. Учурда станцияда дале болсо украин адистери иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө АЭСтеги энергоблоктордун көпчүлүгү токтотулган. Станциянын аймагы байма-бай аткыланып, бул үчүн тараптар бири-бирин айыптап келишет. Украина менен Батыш өлкөлөрү Орусияны АЭСтин аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырууда. Ушундай эле чакырык жазылган резолюцияны МАГАТЭ да кабыл алган. Бирок Орусия аны аткаруудан баш тартууда.

Бир нече күн мурда Орусиянын аскерлери Запорожье АЭСинин башкы директору Игорь Мурашовду кармашкан. Көп өтпөй аны бошотуп, бирок Украинанын көзөмөлүндөгү аймакка чыгып кетүүгө мажбур кылышкан.

Украинанын мыйзамдарына боюнча, Запорожье АЭСи "Энергоатом" компаниясынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG