Орусиянын Кыргызстандагы мурунку элчиси Николай Удовиченконун элчилик миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдан бери элчи болуп иштеген.
Жаңы дайындалган элчи Сергей Вакунов буга чейин Орусия Федерациясынын президентинин башкармалыгында Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча референт кызматында иштеген.
Орусия - Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө.