Ссылки доступа

Путин Мишустинди премьер-министрликке кайра дайындоону сунуштады


Михаил Мишустин
Михаил Мишустин

Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага Михаил Мишустинди премьер-министрликке кайра дайындоону сунуштады. Бул тууралуу   Мамдуманын спикери Вячеслав Володин билдирди.

Володиндин айтымында, өкмөт башчыны дайындоо боюнча жыйын 10-майда кечинде өтөт – анда Мишустин баяндама жасайт, андан кийин добуш берүү болот.

"Талапкерди талкуулоодо президент Путиндин койгон милдеттери кандай чечилет деген суроолорго жооп алуу маанилүү: демографиялык саясатта элдин жыргалчылыгын арттыруу, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо; жаштар саясатын ишке ашыруу; технологиялык суверенитетти бекемдөө; аймактарды жана экономиканы өнүктүрүү; өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу", – деди Володин.

Михаил Мишустин 2020-жылдын январь айынан бери премьер-министрлик кызматты аркалап келет.

7-майда Владимир Путин бешинчи жолу Орусиянын президенти кызматына киришкен. Мыйзамга ылайык, өкмөт инаугурациядан кийин дароо отставкага кеткен. Премьер-министр кызматка дайындалгандан кийин бир жумадан кечиктирбестен президентке өкмөттүн жаңы курамын сунушташы керек.

XS
SM
MD
LG