Ссылки доступа

Путин Украинадагы жаңы объектилерге сокку урулушу мүмкүндүгүн эскертти


 HIMARS системасы
HIMARS системасы

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш өлкөлөрү Киевди узак аралыктагы ракеталык системалар менен камсыз кыла турган болсо, анда орус күчтөрү Украинадагы "мурда сокку урулбаган позицияларга" чабуул коёрун эскертти.

Путиндин интервьюсунун мындай үзүндүсүн "Россия-1" телеканалы 5-июнда жарыялады. Бирок анда орус президенти Украинадагы кайсы аймактарга сокку урулушу мүмкүндүгүн тактаган жок.

Ал АКШнын Украинага берип жаткан жапырт ок атуучу курал-жарактары уруштун нугун өзгөртпөйт деген оюн айтты.

"Менимче ал эч нерсени өзгөртпөйт. Деги эле кошумча курал-жарак менен камсыздоо тууралуу ызы-чуу, менимче, бир гана максатты көздөйт. Бул -куралдуу конфликттин мөөнөтүн болушунча узартуу", - деди Путин.

Өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасын Киевге берүүгө макул болгонун, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо тууралуу убада бергенин жарыялаган.

5-июнда Испаниянын El Pais гезити жазгандай, расмий Мадрид да Киевге учактарга каршы ракеталарды жана "Леопард" аттуу танктарды берүүгө макул болду.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери он миңдеген адамдын өмүрү кыйылып, миллиондогон тургундар качкынга айланды. Москва Украинадагы жоготуулары тууралуу толук маалымат бербей келет. Бирок Батыштагы жана Украинадагы адистер орус күчтөрүнүн жоготуулары Москва адеп күткөндөн кыйла жогору экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG