21-апрель күнү эртең менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Мариуполдогу абал тууралуу президентке отчёт берип, украин аскерлери "Азовсталь" заводунун өндүрүштүк аймагында жашырынып турганын жана заводду толугу менен алууга дагы 3-4 күн талап кылынарын айткан.
Орусиянын жана "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын күчтөрү Мариуполь шаарын марттын башында курчап алышкан. Андан бери "Азов" батальону менен деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын жоокерлери шаар үчүн күрөш жүргүзүп келишет. Украинанын вице-премьери Ирина Верещуктун айтымында, мындан тышкары Мариуполдо 120 миңге жакын жайкын тургун да калууда.
Шаршемби күнү Украинанын Улуттук гвардиясынын курамындагы "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь видеокайрылуу жасап, алар Мариуполдон чыгып кетүүгө даяр экенин, бирок курман болгондордун сөөктөрүн, жарадарларды жана курал-жаракты таштап, туткунга түшүп берүүгө макул эмес экенин айткан.
"Биз үчүнчү тараптын колдоосу менен курал-жарактарыбызды, жарадарларыбызды алып, чыгып кетүүгө даярбыз. Бирок курман болгон жоокерлерди Орусиянын көзөмөлүндө болбогон аймакта жерге берүү мүмкүнчүлүгү болушу шарт", - деген Паламарь.
Буга чейин ал "Азовсталь" бомбаланып, дээрлик толугу менен талкаланганын билдирген. Анын айтымында, заводго "оор бомбалар" ташталып, көп киши урандылардын алдында калган.
Мурдараак украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк талкаланган шаардан украин аскерлери менен жарандык адамдарды чыгарып кетүү үчүн Киев Москвага Мариуполдун өзүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаганын айткан. Орусия азырынча бул сунушка жооп бере элек.
19-апрелде "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын куралдуу күчтөрү украин армиясынын Мариуполь шаарындагы негизги коргонуучу жайы болуп жаткан "Азовсталь" металлургиялык комбинатка чабуул башташканын билдирген. Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги "Азовсталь" заводун коргоп жаткан украин аскерлерине багынып берүүнү сунуштаган.