Ссылки доступа

Путин: Орусия Украинада олуттуу иштерге бара элек


Владимир Путин

Орусия Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө "али олуттуу иштерге бара элек". Бул тууралуу бейшембиде Орусия президенти Владимир Путин билдирди.

Путин Мамдума фракцияларынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда: "Бүгүн бизди согуш талаасында жеңүүнү каалап жатышканын угуудабыз. Эмне дейин, аракет кылып көрүшсүн. Батыш акыркы украиналык калганча согушууну каалай турганын көп эле жолу укканбыз. Бул украин эли үчүн трагедия, бирок, сыягы баары ушуга баратат", - деди Путин.

Путиндин айтымында, Орусия чын-чынына келгенде азырынча олуттуу эч нерсе баштай элек экенин баары түшүнүшү керек. Ошол эле маалда ал Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартпай турганын да белгиледи.

“Бирок баш тарткандар, түшүнүшү керек, иш канчалык илерилеген сайын биз менен макулдашуу ошончолук кыйын болот”, - деди орус президенти.

Мыйзам чыгаруучулар менен жолугушууда Владимир Путин санкция демилгечилери өз максаттарына жетпегенин билдирди. “Орусияга каршы киргизилген мыйзамсыз чаралар бизге кыйынчылыктарды жаратууда. Бул талашсыз факт. Бирок Орусияга каршы экономикалык блицкригдин (чагылгандай тез согуш - ред) демилгечилери ойлогондой эмес”, - деди Путин.

Луганск облусун толук өзүнө баш ийдирип, Краматорск жана Славянск шаарларында топтолуп турган орус аскерлери азыркы тапта Донецк аймагын аткылоодо.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG