Ссылки доступа

Путин: талибдер - терроризмге каршы күрөштө Орусиянын өнөктөштөрү


Талибдер делегациясы Орусияда.
Талибдер делегациясы Орусияда.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстанда бийлик жүргүзүп жаткан радикал исламчыл "Талибан" кыймылын терроризмге каршы күрөштө Орусиянын өнөктөшү деп атады.

Бирок ал кыймылга Орусияда расмий түрдө тыюу салынганын, террордук уюмдардын тизмесинде экенин айткан жок.

Орус президенти Астанадагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Жалпысынан талибдер өлкөдөгү бийликти көзөмөлдөп турганын эске алышыбыз керек жана бул жагынан талибдер терроризмге каршы күрөштө биз үчүн союздаштар", - деген.

Быйыл май айында Орусиянын Тышкы иштер жана Юстиция министрликтери Владимир Путинге Орусияда "Талибан" кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Бул демилгеге комментарий берип жатып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров талибдерди "Ооганстандагы реалдуу бийлик" деп атаган.

Ооганстандан АКШ башында турган коалициялык күчтөр кетип, талибдер бийликти басып алгандан кийин Путин Москва "Талибанды" террордук уюмдардын катарынан чыгарууга жакындап калганын, бирок алды менен мындай кадамга БУУнун Коопсуздук кеңеши барышы керек деген пикирин айткан.

Путин о посредниках в переговорах с Украиной
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

XS
SM
MD
LG