Ссылки доступа

Путин Украинанын аннексияланган аймактарына аскердик абал киргизди


Орусиянын президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын 2022-жылы аннексияланган төрт облусунда аскердик абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Документте аскердик абал канчага чейин созулары жазылган эмес.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында видео байланыш аркылуу сүйлөгөн Путин өздөрүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деп жарыялап алган облустарда, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган аймактарында Орусияга кошулганга чейин эле аскердик абал күчүндө болгонун айтты.

"Эми бул режимди орус мыйзамдарынын алкагында расмийлештирүү керек", - деди ал.

Ошондой эле аннексияланган аймактардагы Орусия дайындаган жетекчилерге коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча ыйгарым укуктар берилерин билдирди.

Кремлдин сайтында жарыяланган жарлыкка ылайык, аскердик абал 20-октябрдан тартып күчүнө кирет.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарында 23-27-сентябрда жасалма референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва бекиткен жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга "макул" болгонун маалымдаган. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү бул аннексияны тааныбай турганын расмий билдирген. Украина өз аймактарын куралдуу жол менен кайтарып аларын жарыялаган.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

Видео

XS
SM
MD
LG