Ссылки доступа

Москвада жоголгон тажик блогери Душанбеде камакта экени аныкталды


Комер Мирзоев

Бир нече күн мурда Москвада жоголгон тажик блогери, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулуп-өскөн Комер Мирзоев Душанбедеги тергөө абактардын биринде камакта экени аныкталды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу Мирзоевдин жакындарына шилтеме кылып кабарлады.

Ал кантип, качан Тажикстанга жеткирилгени белгисиз. Туугандарынын айтымында, блогерди тажик атайын кызматтары уурдап кеткен болушу мүмкүн.

Мирзоев 5-сентябрда Москвада кармалган. Лефортово райондор аралык прокуратурасынын өкүмүнө ылайык, ал Хорогдун Ички иштер башкармалыгында "кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан" деген айып менен издөөдө турган. Бирок Тажикстан эч кандай далилдерди келтирбегендиктен, 7-сентябрда аны бошотуу чечими кабыл алынган.

"Озоди" радиосунун Ички иштер министрлигиндеги булагы Мирзоев Душанбеде камакта экенин ырастады.

Комер Мирзоев социалдык тармактарда негизинен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы көйгөйлөрдү жазып келген.

Pamir Daily News порталы кабарлагандай, акыркы жарым жыл ичинде Тоолуу Бадахашандык 20дай адам Москвада уурдалып, Тажикстанга жеткирилген. Алардын айрымдары соттолду. Расмий Душанбе алардын баары өз ыктыяры менен келгенин кабарлаган.

Тоолуу Бадахшанда кырдаал өткөн жылы ноябрда күч түзүм кызматкерлеринин атайын операциясы маалында жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиебеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен. Бул окуядан соң Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну нааразылык акциясына чыгып, облус башчысы менен шаар мэринин отставкасын, ошондой эле шаардын кире бериштериндеги блокпостторду алууну жана аймактын жашоочуларына карата куугунтуктарды токтотууну талап кылышкан.

Как живут родственники убитых после "антитеррористической операции" в Горном Бадахшане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Митингге чыккандар мындан тышкары Зиебековдун өлүмүнө күнөөлүү кызмат адамдарын жазалоону, аймактан чыккан активист Амриддин Аловатшоевди, ММА мушкери Чоршанбе Чоршанбиевди жана акция учурунда кармалган облустун башка жашоочуларын эркиндикке чыгарууну талап кылышкан. Бийлик митинг катышуучуларын күч менен таркатууга аракет кылып, жыйынтыгында эки киши өлүп, 17 адам жараат алган.

Бул окуялардан кийин Тажикстандын бийлиги аймакта "антитеррористтик операция" жүргүзүп, бир нече айга интернетти өчүргөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жергиликтүү тургундар менен күч түзүм кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуулар маалында жалпысынан 16 киши өлтүрүлгөн. Бейрасмий маалыматтарда каза болгондор мындан кыйла көп экени айтылган.

XS
SM
MD
LG