Ссылки доступа

Рахмондун күйөө баласына тиешеси бар лаборатория ооруканаларга монополия орноткон (видео)


Тажикстанда Душанбе ооруканасынын дарыгерлери “Озоди” радиосуна кайрылып, "Бехдошти" жеке лабораториясынын анализдеринин сапаты начар экенин билдиришти.

Тажик бийлиги 2020-жылы аталган оорукананын лабораториясын "Бехдоштинин" карамагына өткөрүп берген.

Медициналык кызматкерлер лаборатория мөөнөтү өтүп кеткен жана сапаты төмөн реагенттерди колдонорун, бул бейтаптардын дартын туура эмес аныктоого түртүп жатканын жазышкан. “Озоди” радиосунун журналисттери "Бехдошти" компаниясы жөнүндө фактыларды иликтеп, анын Тажикстан президентинин күйөө баласы Шамсулло Сахибовго тиешеси бар экенин аныкташты.

"Бехдошти" лабораториясынын жетекчиси Давлатшо Сурхаков дарыгерлердин даттануусун четке какты.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги "Бехдошти" компаниясына өткөрүлүп берилген мамлекеттик лабораториялардын санын жашырып келет. “Озоди” радиосу "Бехдошти" компаниясынын карамагына шаардык тез жардам ооруканасынын лабораториясынан тышкары "Истиклол" медициналык борборунун, №1 инфекциялык ооруканасынын жана "Караболо" улуттук медициналык борборунун лабораториялары кирерин аныктады.

Душанбе шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы ушул тапта "Бехдошти" компаниясына шаардык алты оорукананын лабораториясы жана 11 ден соолук борбору карай турганын айтты.

Анан ишмердүүлүгү Душанбе шаары менен гана чектелбейт. Согд менен Хатлон облусунун саламаттык сактоо башкармалыктары, мындан тышкары республикалык маанидеги райондордун саламаттык сактоо бөлүмдөрү "Бехдошти" компаниясына бардык мамлекеттик медициналык мекемелердин лабораториялары өтүп кеткенин тастыкташты. Кеп 1870 оорукана жана 2830 ден соолук борбору жөнүндө болуп жатат.

Тажикстандын Салык комитети "Бехдоштинин" салык төлөмдөрү жана анын чыныгы ээлери жөнүндөгү маалыматты жашырып келет. Ошол эле маалда "Бехдошти" лабораториялар түйүнүн 2017-жылы "Фароз" компаниясы негиздегени белгилүү болду. OCCRP иликтөөсүнө караганда, Тажикстан президентинин күйөө баласы Шамсулло Сахибов анын ээси болуп эсептелет.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG