Украин бийлиги Орусияны оккупацияланган аймактардан бери дегенде эле 400 миң тонна буудайды уурдоого айыптап келет.
Иликтөөдө Крымда украин буудайы Севастополдун Доковой бухтасындагы "Авлита" портунда жүктөлүк жатканы белгиленген. "Крым портуна кирерде кемелер радарларын өчүрүп коюп, аларды кемелерге мониторинг кылуу системалары байкабай калууда. Бирок портко буудай ташыган жүк унааларын спутниктен "жашыруу" мүмкүн болгон эмес", – деп жазылган иликтөөдө.
Журналисттер быйыл Крымдан согушка чейинкиге караганда кыйла көп дан чыгарылып жатканын аныкташкан. Мындай көп буудай Крымда болушу мүмкүн эмес жана Орусия менен жарым аралды байланыштырып турган жалгыз көпүрө аркылуу жеткирилиши да мүмкүн эмес болчу. Буудай Крымга Украинанын аймактарынан жүк унаалары менен ташылууда. Иликтөөчүлөрдүн белгилешинче, машинелердин кербени жарым аралдын түндүгүндө жана Армянск менен Крым өтмөгүндө байкалган.
Жарым аралдан буудай кемелер менен ташылууда. Дан жүктөлгөн кемелер Севастополдон тышкары Феодосия жана Керч портторунан да жолго чыгууда.
БУУ жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусиянын кол салуусунан кийин Украина деңиз аркылуу буудайын жана башка азык-түлүктөрүн чыгара албай калганына тынчсызданууларын билдирип келишет. Эксперттердин айтымында, жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы дүйнөлүк базарда буудай тартыштыгын жаратып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ачарчылык болуу ыктымалдыгы жогорулашы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.
Орусия өз дарегине айтылган айыптоолордун баарын четке кагып келет.