Ссылки доступа

АКШ чалгыны: Орусия Украинанын инфраструктурасына каршы жаңы чабуулдарды даярдоодо


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШ чалгынында Орусия жакын арада Украинанын жарандык инфраструктуралары менен мамлекеттик объектилерине жаңы чабуулдарды жасоону пландап жатканы жөнүндө маалымат бар. Бул тууралуу Reuters жана The New York Times басылмалары америкалык аткаминерлердин билдирүүлөрүнө шилтеме кылып кабарлашты.

АКШ бийлиги коркунуч тууралуу тынчсызданууну кеңири аудиторияга жеткирүү үчүн чалгындын бул эскертүүсүн ачыкка чыгарарын белгилейт.

Бүгүн, 23-августта Украинада Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Эртең Эгемендик майрамы болот. Буга чейин аталган өлкөнүн президенти Владимир Зеленский майрам күндөрү Орусия "жийиркеничтүү" жаңы чабуулдарды жасашы ыктымал экенин эскерткен.

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгы да Эгемендик күнүндө жарандарды сак болууга чакырган.

"Өлкө ичинде да, тышында да ракеталык соккуларды жана башка чагымдарды жазоо боюнча жогорку деңгээлде коркунуч бар", —деген мекеменин өкүлү Андрей Юсов.

Киевде бир жума бою жапырт иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Шаардык полиция киевдиктерди 23-25-август аралыгында аба айгайларына көңүл бурууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG