Ссылки доступа

Швейцария банктары орусиялыктардын эсептерине көзөмөлдү күчөтүүдө


Швейцария банктары Орусиянын бюджетине салык төлөгөн кардарларынын эсептери жабыларын эскерте баштады. Бул тууралуу РБК басылмасы орусиялык кардарлар менен иштешкен эки адвокатка жана өлкөнүн банк тармагындагы булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Швейцариянын "Leolex" юридикалык бюросунун өнөктөшү Роман Кудинов аларга банктан мындай эскертүү алган он-чакты адам кайрылганын билдирди. "Аларга банктардан телефон чалып, эгер Орусиядагы компаниялардын ээси болсо жана бул өлкөгө салып төлөп жатса, эсептери жабыларын эскертишкен", – деди Кудинов.

Швейцариялык дагы бир адвокат банктар орус бюджетине салык төлөгөнү үчүн айрым орусиялыктардын эсептерин жаба баштаганын айтууда.

Банктар бул чечимин кардарлары Украинадагы абалды туруксуздаштырган мамлекетке салык төлөп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Булактын айтымында, мындай эскертүүлөр бейрасмий болуп эсептелет жана жапырт түрдө эмес, айрым гана кардарларга жөнөтүлүп жатат. Азырынча эскертүүлөрдү UBS жана Credit Suisse банктарынын орусиялык кардарлары алууда.

Быйыл февралда Credit Suisse банкы Орусиянын дээрлик 20 миллиард долларлык активдерин тоңдурган – бул өлкөдөгү орусиялыктардын жалпы активдеринин үчтөн биринен ашыгын түзөт.

Марттын аягында Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, АКШнын Юстиция министрлиги бир канча банктын орус олигархтарына санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берген-бербегенин текшерип жатканын кабарлаган. Алардын арасында Credit Suisse жана UBS банктары да болгон.

XS
SM
MD
LG