Маалыматты Орусиянын Индонезиядагы элчилиги да ырастады. Ошол эле маалда эки тарап тең Путин саммиттин алкагындагы жолугушуулардын бирине онлайн режимде катышуусу мүмкүн деген божомолдорун айтышты.
Саммитке Орусиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барат. Бул тууралуу бүгүн ТАСС агенттигине орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Июлда G20 өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын Бали аралында өткөн конференциясында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров изоляцияда калып, иш-чарадан мөөнөтүнөн эрте кеткен.
Буга чейин Индонезиянын бийлиги башка өлкөлөр басым кылса да Орусияга жөнөтүлгөн чакырууну чакыртып албай турганын билдирген.
3-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер саммитке Владимир Путин барса, иш-чарага катышуудан баш тарта турганын маалымдаган. Бирок Киев 8-ноябрда Зеленский саммитке онлайн катышуусу мүмкүн экенин ырастады.
Бали аралында өтө турган G20 саммитине АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин да катышат. Буга чейин Байден саммитте Украинадагы абалды жөнгө салуу темасын көтөрүүнү убадалаган.