Ссылки доступа

Өзбек режиссеру өлкөнүн Кинематография агенттигин цензурага айыптады


Режиссер Назим Туляхожаев

Белгилүү өзбек кинорежиссеру Назим Туляхожаев Өзбекстандын Кинематография агенттигин цензурага айыптады.

Режиссердун айтымында, мекеменин аткаминерлери 4-15-май күндөрү Лондондо өткөн Азия тасмаларынын кинофестивалынан анын "Жалгыз кайык" деген көркөм тасмасын чакыртып алышкан.

"Жалгыз кайык" – Өзбекстандын атынан аталган фестивалга катышып жаткан жалгыз тасма болчу. Ал өзбек жазуучусу Эркин Агзамдын чыгармасынын негизинде тартылып, Арал деңизинин жээгиндеги айылда кайык жасоо менен алектенген улгайган уста жөнүндө баяндалат. Карыя көптөгөн жылдардан бери айылдагы жумушсуз жаштарды кайык оңдоого үйрөтүп келген, бирок деңиз соолуй баштагандан бери анын кайыктары эч кимге кереги жок болуп калган.

"Мен фестивалга тасманын түп нускасын жөнөткөм. Чынын айтсам, ал тандоодон өтөрүнө көп деле ишенген эмесмин. Көп өтпөй тасма узун тизмеден да, кыска тизмеден да өткөнү тууралуу кат жөнөтүштү. Бирок кийин Өзбекстандын Лондондогу элчилиги менен өзбек Кинематография агенттиги тасманы көрсөтүүдөн чакыртып алышканын кабарлашты", – деди Туляхожаев.

Режиссердун айтымында, тасманын сценарийи Өзбекстандын Кинематография агенттигинин мурдагы жетекчилиги тарабынан бекитилип, көркөм кеңештен өткөн. Бирок кийин агенттиктин башчылыгына Фирдавс Абдухаликов келгенден кийин тасманы көрсөтүүгө тыюу салынган.

"Агенттиктин жаңы жетекчилиги тасманын айрым жерлери ага жакпай калганын, өзгөртүүлөр киргизилиши керек экенин айткан. Мен тасманы бузуп салышат деп, аны кайрадан тартууга каршылыгымды билдиргем. Ошондон бери тынчып калышкан. Жакында эл аралык кинофестиваль жөнүндө угуп, тасмамды жөнөткөм. Бирок Кинематография агенттиги аны артка чакыртып алыптыр", – деди режиссер.

Лондондогу кинофестивалдын уюштуруучулары "Жалгыз кайык" тасмасы ага Назим Туляхожаевдин автордук укугу жок болгону үчүн көрсөтүүдөн алынганын билдиришти. Аларга Өзбекстандын Кинематография агенттиги тасманы көрсөтүүгө уруксат берген эмес.

Азия 360: Аральская пустыня
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:22:03 0:00

Жыл башында өзбекстандык дагы бир режиссер Али Хамраев өлкөнүн Кинематография агенттигин цензурага айыптаган. Режиссердун айтымында, мекеме анын "Самарканддагы коондун жыты" деген тасмасын негизсиз эки жолу текшерип, автор менен макулдашпастан туруп бир нече сценасын кесип салышкан.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG