Ссылки доступа

Иликтөө: Орусияда Лукашенко үчүн 50 млн. долларга резиденция курулат


Беларустун мурдагы коопсуздук кызматкерлеринин BELPOL бирикмеси жана "Белсат" телеканалы Сочиге жакын жерде Лукашенко үчүн жаңы резиденциянын курулушу тууралуу баяндаган "Лукашенконун эң чоң уурулугунун тарыхы" аттуу иликтөө жарыялады. Иликтөөчүлөр резиденцияны 50 миллион долларга баалашкан.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, 2013-жылы Беларустун карамагына өткөн Красная Поляна аттуу курорттук айылдын аймагындагы 97,2 миң чарчы метрден ашык жер тилкесине жаңы резиденция курулуп жатат. Аймак Орусия менен жер тилкелерин алмашуу жөнүндө келишим ратификациялангандан кийин Минсктин ээлигине өткөн.

Иликтөөчүлөр белгилегендей, резиденциянын мейманканасы, рестораны жана үч элиталык коттежи болот.

Резиденциянын курулушун баштоо үчүн бул жер тилкеси 2022-жылдын февралында орусиялык "Комплекс-Инвест" компаниясына сатылган. Компания андан бир жыл мурун севастополдук пенсионердин наамына катталган.

Иликтөөчүлөр жер тилкесин сатууга Лукашенконун жеке өзү уруксат бергенин аныкташкан жана анын жашыруун буйругунда жерди ошол кездеги кадастрдык баа боюнча 970 миллион рублга (10,3 миллион доллар) сатуу жөнүндө айтылган. Иликтөөнүн авторлору Лукашенко башка бир буйругу менен жер тилкесинин баасын 485 миллион рублге (5,1 миллион доллар) чейин түшүргөнүн аныкташкан. Ошол эле учурда ал объекттин базар баасы бычылган нарктан 20 эсе жогору болгон.

Жер тилкесин сатып алгандан кийин "Комплекс-Инвест" компаниясы Беларустагы "Региональный порядок" жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Араб Эмираттарында катталган Vector Energy Innovation FZCO фирмасы эсептелет. Бул фирма Александр Лукашенкого жакын адамдар түзгөн "Вектор Капитал Групп" компаниясы менен байланышта.

BELPOL ошондой эле Красная Полянадагы жаңы резиденциянын курулушун беларус президентинин мурдагы иш башкармалыгынын башчысы Виктор Шейман жеке өзү көзөмөлдөй турганын ырастоодо. "Азаттык" радиосунун беларус кызматы белгилегендей, Шейман 1994-жылдан бери Лукашенко менен иштешип келген жалгыз жогорку даражалуу аткаминер бойдон калууда.

Иликтөөдө белгиленгендей, Шейман жаңы резиденцияны учкучсуз учактардан коргоо, металл детекторлору, тепловизорлор, радиометрикалык мониторинг жана башка комплекстүү коопсуздук системалары менен жабдууну талап кылган.

Буга чейин BELPOL Александр Лукашенконун уулдары, келиндери жана неберелери катталган резиденция тууралуу баяндаган. Ал Минск деңизинин жээгинде жайгашкан. Резиденциядагы эң чоң турак жай 1158 чарчы метрди түзүп, жыгачтан жасалган үч кабаттуу, үч террассалуу үйдөн турат. Анын жанында оргума орнотулган. Үй мрамор жана гранит менен капталган. Ага жакын жерде 15 кишилик барбекю аянты жана "улук офицердик имарат" бар.

Резиденциядагы экинчи чоң үй жалпы аянты 1041 чарчы метрди түзөт. Ал да үч кабаттуу. Анын жанында жеке мончо бар. Дагы эки үйдүн аянты 947 жана 719 чарчы метр.

Резиденциянын аймагында мини-футбол, баскетбол, теннис ойноо үчүн аянттар, батут жана жеке пляж бар экени айтылат иликтөөдө. Турак жайды туруктуу иштеген 25 кызматкер тейлейт.

"Зеркало" басылмасы учурда Александр Лукашенконун кеминде 17 резиденциясы бар экенин жазды. Ал чет элдик конокторду көбүнчө Эгемендик сарайында кабыл алат жана өзү Минскинин жанындагы Острошицкий шаарчасында жашайт.

2021-жылы Nexta телеграм каналында Лукашенко колдонгон резиденциялар жана башка кыймылсыз мүлктөр жөнүндө сөз болгон "Алтын түп" тасмасы чыккан. Nexta бул мүлктү күтүү үчүн "ондогон миллион доллар" керек деп эсептейт.

Иликтөөнүн авторлору Минсктеги Эгемендүүлүк сарайын эң кымбат резиденция деп аташкан, Лукашенко анын курулушуна "бир дагы бюджеттик рубль жумшалган эмес" деп билдирген. Бирок Беларустун Каржы министрлиги хансарайдын курулушу республикалык бюджеттен жана Минск шаарынын бюджетинен каржыланганын кабарлаган. Эксперттер сарайдын инфраструктурасына эле 250 миллион доллар сарпталганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG