Ссылки доступа

Риши Сунак Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болот


Риши Сунак британ Консервативдик партиясынын жаңы лидери болуп шайланды. Бул жакын арада ал Улуу Британиянын премьер-министри болот дегенди билдирет.

Сунак консерватор депуттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы – Жамааттык палатадагы консерваторлордун лидери Пенни Мордонт жарыштан четтей турганын жарыялады. Ага чейин мурдагы премьер-министр Борис Жонсон да шайлоого катышпай турганын маалымдаган.

Сунак премьерлик кызматта эки айга жетпеген убакыт турган Лиз Трасстын ордун басат.

Болочоктогу өкмөт башчы парламенттин төмөнкү палатасында жакын арада расмий билдирүү жасайт. Консерваторлордун жетекчилиги ал партия лидерлигине ат салышкан жалгыз талапкер болуп калганын, буга байланыштуу автоматтык түрдө башчы болорун тастыктады. Падыша Карл III аны премьерликке ушул жумада бекитери күтүлүүдө.

42 жаштагы Риши Сунак теги түштүк азиялык алгачкы премьер-министр болуп калды. Медицина жана фармацевтика тармагында иштеген ата-энеси индиялыктар. Алар 1960-жылдары Чыгыш Африкадан Улуу Британияга жер которушкан. Сунак кадыр-барктуу жеке мектепте, андан соң Оксфорд менен Стэнфорддо окуган. Ал жерде ал болочоктогу жубайы – индиялык миллиардердин кызы Акшата Муртини жолуктурган. Окууну аяктагандан кийин Сунак Goldman Sachs инвестициялык банкында иштеген. Ушул тапта түгөйлөр бай британиялыктардын рейтингинде 222 тизмеде турат жана эки кызды тарбиялашууда.

Риши Сунак Жамааттык палатага алгач 2015-жылы шайланып, кийин 2017-жылы жана 2019-жылып да эки жолу шайланган. 2016-жылы Сунак Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна – Брекзитке добуш берген. 2019-жылы Борис Жонсонду премьерликке колдоп чыккан.

XS
SM
MD
LG