Ссылки доступа

Орусияда "Озоди" радиосунун мигранттар тууралуу видеосу бөгөттөлдү


Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялар жана массалык коммуникациялар кызматы (Роскомнадзор) "Украинская женская стража" коомдук уюмунун сайтын, ошондой эле "Озоди" радиосунун тажик мигранттары тууралуу видеосун бөгөттөдү. Бул тууралуу "Роскомсвобода" долбоору кабарлады.

"Тажик өкмөтүнүн каршылашы эмнеге Украинага барды?" деп аталган "Озоди" радиосунун видеосу бөгөттөлдү. Ал видео тажик тилинде экенине карабастан, эмнегедир аны орусиялыктарга көрсөтпөөнү чечишкен", – деп жазды "Роскомсвобода".

Басылманын билдирүүсүндө бул домен кайсы мекеменин демилгеси менен бөгөттөлгөнү көрсөтүлгөн эмес.

Сайты бөгөттөлгөн "Украинская женская стража" – аялдарды өзүн коргоого үйрөтүп, согуш тууралуу маалымат берген коомдук уюм.

Декабрдын аягында Роскомнадзор Украинадагы согуш жашоосун өзгөрткөн адамдардын окуялары жарыяланган "Очевидцы" долбоорунун сайтын бөгөттөгөн. Анда долбоордун башкы редактору Виктор Мучник сайттын бөгөттөлгөнүнө карабастан, долбоордун материалдары социалдык түйүндөрдө жеткиликтүү болорун билдирген.

2022-жылы 26-мартта Роскомнадзор "Азаттык" радиосунун казак, түркмөн жана тажик кызматтарынын орус тилдүү сайттарын бөгөттөгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG