Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда генераторлор колдонулуп жатат. Азырынча облустун энергосистемасы качан толук кубаттуулукта иштей баштары белгисиз.
Айрым маалыматтар боюнча орус армиясы бул күнү Ивано-Франковский, Винница жана Ровенска облустарына да соккуларды жасады.
Винница облусундагы Ладыжинск жылуулук электр борбору бир күндүн ичинде эки жолу чабуулга кабылып, алты киши жараат алды. Ишканадан билдиришкендей, экинчи сокку станцияда куткаруучулар иштеп жатканда жасалган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 11-октябрда өлкөдө Орусиянын 18 канаттуу ракетасы атып түшүрүлдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик багыттагы объектилери менен энергетика системасына сокку урулганын билдирди. Мекеме өкүлүнүн айтымында, соккулар өз максатына жетти.