Ссылки доступа

Орусия Украинага жанкечти-дрондор менен чабуул жасады


Орусиянын жанкечти-дрондор менен жасаган чабуулдарынын кесепети. Киев облусундагы Ржищев шаары
Орусиянын жанкечти-дрондор менен жасаган чабуулдарынын кесепети. Киев облусундагы Ржищев шаары

Орусия 22-мартка караган түнү Украинага Shahed жанкечти-дрондору менен чабуул жасады. Мунун кесепетинен үч жай тургун каза болуп, жети киши, анын ичинде 11 жаштагы бала жараат алды.

Киев, Чернигов, Сумы, Полтавск, Черкассы, Житомир жана Хмельницк облустарында аба айгайы жаңырды. Бул аймактардын жетекчилери абадан коргонуу системалары иштегенин билдиришти.

Киев облусунун согуштук администрациясы орус аскерлери учурган дрондордун бири жарандык объектиге тийип, үч жай тургун каза болуп, жети киши, анын ичинде 11 жаштагы бала жаракат алганын кабарлады.

Украинанын куралдуу күчтөрү орусиялыктар Брянск облусунун аймагынан Shahed-131/136 үлгүсүндөгү 21 жанкечти-дрон учурганын билдирди. Алардын 16сын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн.

Буга чейин CNN телеканалы Иран Орусияга берип жаткан согуштук дрондорун Украинанын аймагындагы инфраструктура объектилерине көбүрөөк зыян келтириши үчүн модификациядан өткөргөн болушу мүмкүн экенин кабарлаган. Телеканалдын маалыматына караганда, дронго жарылганда чоң аймакка чачырай турган майда металл сыныктары кошулган.

Киев Москваны Украинанын жарандык жана энергетикалык объектилерине чабуул жасоодо Ирандын Shahed-136 дрондорун колдонууга айыптап келет. Орус тарап бул айыптарды расмий төгүндөөдө. Бирок октябрда Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин өкүлү РБК телеканалындагы түз эфир учурунда иран дрондору колдонулуп жатканын байкабай айтып алган. Кийинчерээк Иран Орусияга дрондорун берип жатканын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG