"Озоди" радиосунун атын атагысы келбеген булагы 17-июнда кабарлагандай, бешөө тең Андарбаг айылынын тургундары жана "экстремисттик уюмга мүчө" деп айыпталууда.
Анын айтымында, алар май айынын аягында Орусияда кармалып, өткөн аптада Тажикстанга экстрадицияланган.
16-майда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Ванж районунун Язгулом айылынын 30дан ашуун тургунун "диверсия даярдаган" деген шек менен кармашкан. Бийлик Тоолуу Бадахшандын батышындагы бул жана башка камоолор боюнча расмий комментарий берген эмес, бирок "Озоди" радиосунун булактары кармалгандардын айрымдары Ооганстандагы экстремисттик топтор менен кызматташкан деп шектелип жатканын кабарлаган.
"Озоди" радиосунун маектештери Орусиядан экстрадицияланган Язгуломдун тургундары май айында кармалган мекендештери менен кызматташкан деп айыпталып жатканын кабарлашты.
Июнь айынын башында Санкт-Петербургдан Язгуломдун төрт жаш тургунун экстрадицияланганы кабарланган.
"Озоди" радиосу май айында кармалган 19 адамдын аты-жөнүн аныктаган, алардын айрымдарынын фамилиялары окшош жана бир үй-бүлөдөн болушу мүмкүн.
Ванждагы жергиликтүү аткаминерлердин бири 5-июнда билдиргендей, кармалгандардын айрымдары Язгуломго Ооганстандан келишкен жана кээ бир булактардын айтымында, алар тоодо курал-жарак кампасын жасашкан. Бирок мунун далили жок.
Язгулом – Тоолуу Бадахшандын Ванж районундагы Ооганстан менен чектеш жамаат. Буга чейин бийлик өкүлдөрү бул айылдын ондогон тургундары чет өлкөлөрдө экстремисттик топторго кошулуп кеткенин айтып келишкен. Язгуломдун жашоочуларынын айтымында, бул алыскы аймак жана анын тургундарынын көбүнүн туруктуу жумушу да, отурукташкан жашоосу да жок.