Ссылки доступа

Орусия менен Кытай 2017-жылдан бери интернеттеги цензура боюнча маалымат алмашып келет


Орусиянын Роскомнадзор мекемеси менен Кытайдын Киберадминистрациясы 2017-жылдан бери интернетке көзөмөл кылуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп келет. Бул тууралуу "Система" долбоору эки тараптын катышуусундагы жабык жыйындардын протоколдоруна таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай жабык жыйындардын бири 2017-жылы Си Цзиньпиндин Москвага жасаган сапары маалында өткөн. Анда орус тарап Кытайдын ЖМК өкүлдөрү менен блогерлерге карата "көзөмөл кылуу механизмдерине", ошондой эле интернет-трафикти цензуралаган "Алтын калкан" аттуу фаерволунун түзүлүшүнө кызыгуусун билдирген.

2019-жылдын 17-июлунда да Москвада Роскомнадзордун жана Кытайдын Киберадминистрациясынын башчылары катышкан дагы бир жабык жыйын өткөн. Анда Telegram'ды бөгөттө аракети ишке ашпай калган орус тарап Кытайда "тыюу салынган контентти" аныктоо жана бөгөттөө үчүн жасалма интеллект колдонулар-колдонбосуна кызыккан. Ошол эле жылы октябрда тараптар интернетте тыюу салынган маалыматтарга каршы бирге күрөшүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

"Система" долбоору аларда Орусиянын бийлиги кытайлык кесиптештеринин өтүнүчү менен контентти бөгөттөгөн бери дегенде эле үч учур тууралуу маалыматтар бар экенин билдирүүдө.

Быйыл мартта Си Цзиньпиндин Москвага жасаган сапарынан кийин Орусияга 41 кишиден турган киберкоркунуч боюнча кытайлык адистердин тобу барганы кабарланган. ЖМКлардын маалыматына караганда, кытай адистери орусиялык кесиптештери менен биргеликте "YouTube'ду толук бөгөттөө боюнча техникалык жол картасын" даярдайт.

XS
SM
MD
LG