Ссылки доступа

Орусия Украинага кассеталык бомбалар менен жүздөгөн сокку урган


Орусия армиясы быйыл Украинага кассеталык курал менен жүздөгөн сокку урган. Бул тууралуу куралдануунун аталган түрүнө каршы күрөшкөн Cluster Munition Coalition кыймылынын жылдык баяндамасында айтылат.

Баяндаманын түзүүчүлөрү чабуулдардын жыйынтыгында 200дөн ашуун карапайым жаран набыт болуп, 500дөйү жаракат алганын ырасташууда.

1-июлга карата Орусия Украинанын 24 аймагынын 10унда кассеталык (чачырама) ок-дарыларды колдонгон. Өз кезегинде Украина армиясы мындай снаряддарды кеминде үч жолу – Донецк, Харьков жана Херсон облустарында колдонгон деп жазышкан документтин авторлору.

Кассеталык снаряддар атылган учурда чачырап, ири аймакты зыянга учуратат. Айрым учурда алар жарылбай калып, минанын ролун аткарып, карапайым жашоочулар жана өзгөчө балдар үчүн чоң коркунуч жаратат.

Дүйнөдө 2010-жылдан бери кассеталык куралдарды колдонууга тыюу салган Конвенция иштейт. Ага 100дөн ашуун өлкө кол койгон, бирок Орусия да, Украина да буга кошулган эмес. Москва менен Киев бири-бирин бул куралды колдонууга айыптап келишет.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG