Ссылки доступа

Өзбек мигранттары Орусияга өз алдынча барууну жакташат


Өзбекстандын мамлекеттик органдары аркылуу Орусияга мигранттарды жеткирүүнү уюштуруу алты эсеге кыскарды. Тышкы миграция агенттигинин билдиришинче, быйыл Өзбекстандан Орусияга уюшкан тартипте төрт миңдей киши жөнөтүлгөн.

Мирация боюнча эксперттердин пикиринде, бул сан эмгек мигранттары үчүн Орусияга өз алдынча барып иштөө алда канча ыңгайлуу экенин көрсөтүп турат.

“Интерфакс” агенттигинин билдиришинче, эгер 2021-жылы Орусияга 22 116 өзбек мигранты чыгып кетсе, 2022-жылы бул сан алты эсеге азайган.

Орусия ТИМи соңку жарым жылда эмгек мигранттарынын саны көбөйө баштаганын белгилейт.

Расмий маалымат боюнча январь-май айларында Орусиянын Миграция кызматында каттоодо турган чет элдиктердин саны 6,6 млн кишини түзгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

2021-жылы мигранттарды уюшкандык менен Орусияга жеткирүү коронавирус чектөөлөрүнө байланыштуу көбөйгөн.

2022-жылы орус өкмөтү коронавирус боюнча чектөөлөрдү алып таштады. Эксперттердин пикиринде, муну менен Орусияга иммигранттардын табигый агымы калыбына келди.

XS
SM
MD
LG