Ссылки доступа

Орусия Украинанын Казакстандагы мурдагы элчисине эл аралык издөө жарыялады


Москванын Басман райондук соту Украинанын Казакстандагы мурдагы элчиси Петр Врублевскийди сыртынан камакка алды. Орусияда ага карата экстремизм боюнча кылмыш иши козголду.

ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып, Орусия украин дипломатына федералдык жана эл аралык издөө да жарыялаганын жазды.

Врублевскийди Орусияда кылмыш жоопкерчилигине тартууга анын 2022-жылдын августунда берген интервьюсу себеп болгон. Ал кезде ал Украинанын Казакстандагы элчиси эле. Врублевский казакстандык блогер Диас Кузаировго берген маегинде Орусиянын Украинага кол салуусу жөнүндө айтып, Украина "болушунча көбүрөөк орусту өлтүрүүгө" аракет кыларын, "канчалык көп өлтүрсө, келечек муунга ошончо аз өлтүрүүгө туура келерин" билдирген.

Бул маектен кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Врублевский менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, андан соң ал билдирүүсү үчүн кечирим сураганын кабарлаган. Орусия Казакстандан украин дипломатын өлкөдөн чыгарууну талап кылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2022-жылдын октябрында Петр Врублевскийди кызматтан алган.

XS
SM
MD
LG