Иштин материалдарына ылайык, Рахманкул "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө сексуалдык кызматтарды көрсөтө тургандыгы жөнүндө жарыя жазып, ага сүрөтүн тиркеген. Тергөө анын бул билдирүүсү "салттуу эмес сексуалдык мамилелерди калыптандырууга, ошондой эле андай мамилелерге же гендердик өзгөрүүгө кызыгуу жаратууга багытталган" деп эсептөөдө.
Рахманкул күнөөсүн мойнуна алып, бирок Орусия Конституциясынын 51-беренесине таянып, өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартты.
Орусияда "ЛГБТны пропагандалоо" үчүн куугунтук өткөн жылы ноябрда, Жогорку сот "эл аралык ЛГБТ коомдук кыймылын" "экстремисттик уюм" деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин күчөгөн.
Быйыл мартта 19 жана 24 жаштагы эки кызга "ЛГБТны пропагандалоо" иши боюнча 50 миң рублден айып пул салынган. Буга алардын кафеде өбүшүп жатканы тартылган видео себеп болгон.
Полиция кызматкерлери кыздарды кармагандан кийин аларды камерага кечирим суроого мажбурлашкан. "Бизди ЛГБТны колдойт деп ойлоп жаткандардын баарынан кечирим сурайбыз. Биз бул темага каршыбыз. Бизде кандай мыйзамдар бар экенин билебиз, бирок мындай болот деп күткөн эмеспиз. Ошондуктан кечирим сурайбыз", – деген кыздардын бири. Анын айтымында, бул "хайп" үчүн жасалган тамаша болгон.