Ал алгачкы үч жылын абакта, калган мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрөт.
“ОВД-Инфонун” маалыматы боюнча, ал террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга даярдануу, террордук жана экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакыруу боюнча күнөөлүү деп табылды.
Иштин материалдарына ылайык, ал 2020-жылдын 21-апрелинде Орусияда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүнө катышууга камданып жүргөн. Ушул максатта ал уюмдун идеологиясын изилдеп, 2021-жылы Хизб-ут-Тахрирдин мурдагы мүчөсүнө ага кошулууга жардам берүүсүн өтүнгөн. Өтүнүчү орундалбаганы менен Ашуров ниетин өзгөрткөн эмес.
Соттун маалыматында 2020-жылдын 26-апрелинен 23-августуна чейин Ашуров Ростов-на-Дону шаарында жыйындарды өткөрүп, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн колдогону айтылат.
2020-жылы июнь айында ФСБ Ростов-на-Дону шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 жараны кармалганын билдирген. Атайын кызмат бул “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун “жашыруун уячасы” экенин, анын ишмердүүлүгүн Украинада жайгашкан эмиссарлар координациялаганын кабарлаган.
"Коммерсанттын" булактары кармалгандар 24 жаштан 58 жашка чейинки эркектер экенин жазган. Адегенде алар иммиграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган.