Ссылки доступа

Екатеринбургда "террордук топ түзүүгө" айыпталган тажикстандыктар соттолду


Таджикистанцев в Екатеринбурге обвиняют в подготовке к теракту
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Екатеринбург соту "террордук топ түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу" иши боюнча Тажикстандын беш жаранына карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу It's My City жаңылыктар сайты жазды.

Маалыматка караганда, Сангинмурод Мусофиров менен Абубакр Сангчаров "террордук топ түзүүгө жана ага адамдарды азгырууга" күнөөлүү деп табылып, биринчиси 24, экинчиси 25 жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмүнө ылайык, алар жаза мөөнөтүнүн алгачкы беш жылын кадимки абакта, калган бөлүгүн катаал режимдеги колонияда өткөрүшөт.

Калган үч тажикстандыкка террордук топтун ишине катышуу айыбы тагылган. Ал боюнча Анваршо Авезов 18, Нурали Дустов 17 жана Шахромжон Мусофиров 16 жылга соттолду. Мындан тышкары алардын ар бири 350 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Baza'нын маалыматына караганда, Сангчаров Орусиянын, калгандары Тажикстандын жарандары. URA.RU сайты соттолгондордун баарынын тажик жарандыгы бар экенин жазууда.

2021-жылы ЖМКлар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) операциясы учурунда тажикстандык 15 мигрант кармалганын кабарлашкан. Үч айдан кийин алардын 10у мекенине депортацияланып, бешөө камакка алынган. Атайын кызмат кармалгандар Екатеринбургда "Талибандын" "бөлүмчөсүн" түзүүгө аракет кылып, ага адамдарды азгыра баштаганын, максаты - "башка диндегилерге каршы" теракттарды жасоо болгонун билдирген. Анда It's My City басылмасы күч түзүмдөрдөгү булактарына таянып, кармалгандардын "Талибан" менен эч кандай байланышы жок экенин кабарлаган.

Кармалгандардын жакындары айыптоолорду ойдон чыгарылган жана негизсиз деп аташкан. "Алар террорист эмес, иштегени барышкан. Аларды кыйнап, күнөөнү моюндарына алууга мажбурлашкан. Аларга телефон чалууга, адвокат жана котормочу жалдоого уруксат беришкен эмес. Бир жылдан бери алар менен жолугууга же телефондо сүйлөшүүгө уруксат ала албай жатабыз. Бир нече жолу ФСБга кайрылдык. Кылмыш ишинде мыйзам бузуулар көп", – деген анда Сангинмурод Мусофировдун бир тууганы Азизмурод Мусофиров.

XS
SM
MD
LG