Ссылки доступа

Орусияда "сырткы келбети жакпаган" адамдарды сабаган эки тажикстандык кармалды


Орусиянын Тергөө комитети Мытищиде "сырткы келбети жакпаган" адамдарды сабаган топтун бардык мүчөлөрү аныкталып, экөө кармалганын билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөргө жаштардан турган топ өз курагындагы адамдарды сабап жатканы тартылган видео жарыяланган. Кремлчил Readovka басылмасынын маалыматына караганда, алар "шариат кайгуулун" уюштуруп, чачын узун өстүргөн же татуировкасы бар балдарды жана ачык кийинген кыздарды сабашкан. Телеграм-каналдар белгилегендей, бул топтун лидери Давлатали Зоиров. Ал Орусиянын жарандыгын 2023-жылы алган.

Соцтүйүн колдонуучулары топтун мындай аракеттерине даттана баштаганда Зоиров кечирим сураган видеосун жарыялады. "Бардык жакшы кишилерден чын жүрөктөн кечирим сурайм. Мен жөнөкөй, адамдык түшүнүктөрдү карманган Орусиянын калкын таарынтууну каалаган эмесмин. Мен Орусияда туулуп-өскөм жана аны чын жүрөктөн сүйөм", – деген ал.

Тергөө комитети "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. "Шектүүлөрдүн бардыгы аныкталды, алар тажикстандыктар жана тажик тектүү жарандар. Экөөнө карата тергөө иштери башталды, алардын шеригин кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүүдө", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG